Частые вопросы
Мы работаем
Пн-Вс: 08.00-18:00
Акча маселеси тууралуу 
ЖУМУШУМ ҮЧҮН КАНЧА АКЧА АЛАМ?

Улуу Британиянын мыйзамы боюнча минималдуу эмгек акы саатына жаш курагына жараша төлөнөт: 18-20 жаш – 6,83£, 21-22 жаш – 9,18£, 23 жана андан өйдө – 9,50£.

ЭМГЕК АКЫМДЫ КАНТИП ТӨЛӨП БЕРИШЕТ?

Эмгек акы жума сайын төлөнүп, банк эсебиңизге которулат. Жумуш берүүчү киреше, кармалган салыктар жана жашоо наркы жөнүндө эсептөө баракчасын берет.

МЕНИН ЭМГЕК АКЫМДАН КАНДАЙ САЛЫКТАР КАРМАЛЫП КАЛАТ?

Эмгек акыдан салыктын эки түрү кармалат:

- Киреше салыгы 20%, эгерде жалпы жылдык киреше £12500 ашык болсо.

- Мамлекеттик камсыздандыруу-12%, эгерде киреше жумасына £162  жогору болсо.

АНГЛИЯДА ЖАШАГАН КЕЗИМДЕ КАНДАЙ ЧЫГЫМДАР БОЛОТ?
Жайгаштыруу акысы: £60,90 / жумасына

Азык - түлүк жана башка керектүү нерселер.

Азык-түлүктүн болжолдуу баасын билүү үчүн супермаркеттердеги арзан сегменттин бааларын карап чыгыңыз: LIDL, ALDI.

МЕН БИРИНЧИ ЭМГЕК АКЫМДЫ КАЧАН АЛАМ?

Адатта  жумушчулар биринчи айлыктарын мурунку жуманын иштеген күндөрү үчүн кийинки жуманын аягында алышат.

УЛУУ БРИТАНИЯДА БАНК ЭСЕБИН КАНТИП АЧСА БОЛОТ? ДАГЫ ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

Банк эсебин ачууга, улуттук камсыздандыруу номерин алууга (National Insurance Number) жана жергиликтүү терапевтке убактылуу катталууга фермердик ишкананын кадрлар бөлүмү жумушка кирерден мурун жардам берет.

Жумуш жөнүндө
МЕН КАНДАЙ ЖУМУШ АТКАРАМ?

Сезондук  айыл чарба кызматкерлеринин пилоттук программасы менен сиз Улуу Британиянын айыл чарба тармагында 6 айлык жумушка орношо аласыз. Жумуштун негизги түрлөрү-түшүм жыйноо, таңгактоо жана жашылчаларды, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү.

ЖУМАСЫНА КАНЧА УБАКЫТ ИШТЕЙМ?

Жумуш убактысынын саны аба ырайына жана түшүмгө жараша болот. Жумасына орточо  39 саат. Жумуш берүүчү жумасына 60 саатка чейин жумуш убактысын сунуштай алат, бирок жумуш күндөрүнүн ортосунда кеминде 11 саат жана жумасына 1 эс алуу күн убактысын берүүгө милдеттүү.

ФЕРМАГА КЕЛГЕНДЕН КИЙИН КАНЧА УБАКЫТТАН КИЙИН ЖУМУШКА КИРИШЕМ?

Фермердик ишканада жумушка орношуу документтери толугу менен таризделгенден кийин жумушка киришесиз. Адатта, жумушка чыгуу келгенден кийин 3-күнү болот.

ЭГЕРДЕ МЕН ИШТЕГЕН ФЕРМАДА ЖУМУШ БҮТҮП КАЛСА, МЕН БАШКА ФЕРМАГА ЖАЙГАШСАМ БОЛОБУ?

Ооба, сиз Улуу Британиянын башка фермасында жайгаша аласыз.Биз жумушчу визанын иштөө убактысы учурунда максималдуу киреше алуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө кызыкдарбыз.

МЕН КИМДЕР  МЕНЕН ИШТЕШЕМ?

Сиз Болгариядан, Украинадан, Белоруссиядан, Россиядан, Румыниядан, Польшадан, Латвиядан жана Литвадан келген ар кандай улуттагы адамдар менен иштешесиз.

УЛУУ БРИТАНИЯНЫН КАЙСЫ АЙМАКТАРЫНДА ЖУМУШ БЕРИЛЕТ?

Биз бүт  Улуу Британияда, анын ичинде Англия, Уэльс, Шотландия жана Түндүк Ирландиядагы айыл чарба ишканаларында жумуш сунуштайбыз.

Жашоо тиричик  жөнүндө
МЕН КАЙСЫ ЖЕРДЕ ЖАШАЙМ?

Сиз ферманын аймагында жашайсыз. Фермердик ишканалар жайгаштыруунун бир нече түрүн камсыз кылышат. Эң популярдуусу - 4-6 жумушчу мобилдик үйлөр жана 2-6 жумушчу жатаканалар. Бардык турак жайлар керектүү эмеректер, үй жана ашкана буюмдары менен жабдылган.

ЭС АЛУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БАРБЫ?

Эс алуунун  уюштурулушу ар кандай.

Чакан чарбалардын аймагында барбекю жана эс алуу жайлары бар.

Ири чарбаларда футбол аянтчасы, спорт залы, теннис столдору бар, эс алуу программалары уюштурулган.

АЗЫК ТҮЛҮКТӨРДҮ  КАНТИП САТЫП АЛСАМ БОЛОТ?

Фермалар жума сайын алып  барып келүү үчүн акысыз транспорт менен камсыз кылышат.
Эгерде транспортту ферма уюштурбаса, жергиликтүү таксилер арзан баада алып барып келүүнү сунушташат.

ЖАШОО ЧЫГЫМДАРЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

Жайгаштыруу акысы: £60,90 / жумасына

Азык-түлүктүн болжолдуу  баасын билүү үчүн супермаркеттердеги арзан сегменттин бааларын карап чыгыңыз: LIDL, ALDI

Виза
УЛУУ БРИТАНИЯГА ЖУМУШЧУ ВИЗАСЫН КАНТИП АЛУУГА БОЛОТ?

Биз арыз берүү процессинде жардам беребиз жана иммиграция органдарына беришиңиз керек болгон маалыматты жеткирүүгө колдоо көрсөтөбүз. Виза алуу процессин аяктоо үчүн виза берүү мекемесине  өзүңүз барышыңыз керек.

ЖУМУШ ВИЗАСЫН КАЙСЫ МЕЗГИЛГЕ АЛАМ?

Жумушчу виза алты айга жарактуу. Виза бүткөндөн кийин, сиз Улуу Британиядан чыгып кетишиңиз керек. Келгенден 6 ай өткөндөн кийин, сиз программага кайрадан катыша аласыз.

Сапар жөнүндө
УЛУУ БРИТАНИЯГА КЕЛГЕНДЕ МЕНИ ТОСУП АЛЫШАБЫ?

Бардык учурларда аэропорттон тосуп алуу мүмкүн эмес.

Бирок биз катышуучуларды чакан топторго уюштурабыз, аэропорттон фермага баруу боюнча кеңири маалымат беребиз жана маршрут боюнча туура жүргөнүңүзгө ынануу үчүн байланышта болобуз.

МЕНИ КАНДАЙ ЧЫГЫМДАР КҮТҮП ЖАТАТ?
Жолго кеткен чыгымдар:
Сиз виза акысын төлөп, учак билетин жана фермага автобус билетин сатып алышыңыз керек.
- Виза арызынын баасы-£244 (+ виза берүүчүнүн кошумча кызматы акысы болушу мүмкүн).
- Билеттин баасы ар кандай, бирок бир тарапка 27 930 - 39800 сом болушу мүмкүн. Билетти бир тарапка алсаңыз болот, ал эми  кайра артка билетти Улуу Британияда сатып алууга болот.
- Медициналык жана репатриациялык камсыздандыруу.
Укук тууралуу
ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮ МЕНИ ЖУМУШТАН КЕТИРЕ АЛАБЫ?

Көпчүлүк жумуштар бирдиктүү эмгек акынын негизинде төлөнөт, бирок 1 сааттык эмгек акынын өлчөмү минималдуу эмгек акыдан аз болушу мүмкүн эмес. Сизге тапшырманы ийгиликтүү аткаруу үчүн көндүмдөргө ээ болуу керек болгон сыноо убактысы берилет. Эгерде сиз сыноо мезгилинде керектүү көндүмдөрдү үйрөнбөсөңүз жана керектүү ылдамдыкта иштебесеңиз, анда жумуш берүүчү сизди жумуштан кетирүүгө негизи бар болот.

Жумуш берүүчү жакшы иштеген жумушчуга, ал эми сиз болсо максималдуу эмгек акы табууга кызыкдарсыз. Ошондуктан Улуу Британиянын фермасында иштөө - бул эки  катышуучунун өз ара пайдалуу мамилеси.

КЕЛИШИМДИ БУЗУП, ҮЙГӨ ЭРТЕ КЕТСЕМ БОЛОБУ?

Ооба, келишимди бузуп, жумушчу визаңыздын мөөнөтү бүткөнгө чейин үйгө кете аласыз. Бирок, биз муну сунуштабайбыз, анткени келечекте мезгилдүү айыл чарба кызматкерлеринин программасына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүңүз чектелүү болуп калат.

2022-жылы сезон учурунда максималдуу акча табуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз жана жумуш визасынын мөөнөтү аяктаганга чейин иштеп,  келечекте Улуу Британиянын фермаларында кайра дагы иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүңүз.

Арыз жөнүндө
БАЛДАРЫМ МЕНЕН ИШТӨӨГӨ КЕЛЕ АЛАМЫНБЫ?

Сиз жашы жете элек балдарды өзүңүз менен кошо алып бара албайсыз.

 SWP программасына катышуу үчүн,  жумушчу документтерин визасын тапшырган учурда катышуучунун жашы 18 ге жетиши керек.

ҮЙ-БҮЛӨ/ДОСТОР МЕНЕН КЕЛСЕ БОЛОБУ?
Ооба. Ар бир катышуучу жеке арыз тапшырышы керек.
Жеке арызды толтуруп жаткан учурда арыздар биргелешип каралышы үчүн топтун номерин түзүү керек. Бул номерди үй-бүлөңүз / досторуңуз өз арыздарында колдонуусу керек.
ЖУМУШКА ОРНОШУУ АРЫЗЫ МЕНЕН КАЧАН КАЙРЫЛСАМ БОЛОТ?

Бул сезондо оруп-жыюу жумуштарында акча табууга максималдуу мүмкүнчүлүк алуу үчүн, азыр жумушка орношуу арызын тапшыруу керек.

КИМДИР БИРӨӨ МЕН ҮЧҮН АРЫЗДЫ ТОЛТУРА АЛАБЫ?

Арызыңыздагы маалымат сиз тарабынан тастыкталышын талап кылабыз. Жумуш арызындагы бардык маалыматтардын туура болуусуна сиз жооптуусуз.

ЖАҢЫЛЫКТАРГА ЖАЗЫЛЫНЫЗ

Биз чарбалардагы жашоону көрсөтөбүз, чарбалардын ээлери менен сүйлөшөбүз, суроолорго кеңири жооп беребиз. Биз сизди өз убагында маалымдап турабыз.

Ар кандай суроолор
СЕЗОНДУК  АЙЫЛ ЧАРБА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА КАНЧА ОРУН БАР?

Азыркы учурда, программа боюнча биз 2022-жылга түшүм жыйноочу жайларга 1000 орун сунуштай алабыз.

ӨЗҮМ МЕНЕН ЭМНЕ АЛЫП КЕТИШИМ КЕРЕК?

Уктап жатуу үчүн баштык жана жука жаздык. Жумушчу жана суу өткөзбөөчү кийим. Өтүк  жана бышык жумушчу бут кийим.

Негизги ашкана буюмдары. Туалеттик буюмдар жана сүлгү. Биринчи убакытка акча.

AGRI-HRга ИШЕНСЕМ БОЛОБУ?

AGRI-HR Улуу Британиянын Ички штер министрлигинин оператору Fruitful тарабынан аккредитацияланган.

Fruitful 01989 500 130

Эл. почта info@fruitfuljobs.com

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ КАЙДАН БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?

Маалымат Улуу Британиянын өкмөттүк түзүмдөрүнүн расмий сайтында жайгашкан.

Бул жерден караңыз. .